Акыйкат жолу китеби

Акыйкат жолу китеби

Educational | Насаат медиа

5억명 이상의 게이머가 신뢰하는 안드로이드 게임 플랫폼 BlueStacks으로 PC에서 플레이하세요.

페이지 수정 날짜: 2016년 3월 7일

Play Акыйкат жолу китеби on PC

Өтө мээримдүү Аллах Тааланын аты менен...

Кудай Таалам ушул китепти окуган ар бир мусулман пендесине жакшылык жазган болсун!

Кудай Таалам ушул тырмак алды эмгекке канча сооп жазган болсо, ошол соопторду ыраматылык чоң энем Уруятканга багыштадым. Ал киши менин медресеге окуума чын дитинен ырааз ыболгон, менин ар бир ийгилигиме сүйүнгөн, колунан келишинче намазын калтырбай окуган, алынын жетишинче такыбалыкты карманган кемпир эле. Кемсел, тебетей, тон тиккен колунан көөрү төгүлгөн чебер уз да эле.

Раматылык чоң энем намаз окуганда намаздын бардыгын так деле билчү эмес, ал эмес фатиха сүрөсүн да чала-моңол эле окучу. Ошого карабай беш маал намазын калтырбай ыкылас менен окуур эле. Орозо айындагы кадыр түндө жүз рекет нафил намазды парздай эле көрүп катуу амал кылчу.

Ажыга барган адамдар конок болуп келип калса небере аттууларынын баарын топтоп, алардын оозуна түкүртчү.

Чын дүйнөгө сапар алаарынан бир аз мурунураак атама, раматылык Арыкбай акенин торпогун алтымыш жыл мурун кокустан өлтүрүп алгандыгын, жалгыз бой жесир аял болуп төлөй албай калып, ошону дале мойнундагы карызы деп эсептеп жүргөндүгүн айтып карызынан кутулганы эсимде.

Чоң энемдин Манас эпосуна болгон махабаты, түгөнбөгөн жомоктору, маңыздуу кошоктору узаргандан узарган намаздары, үч катар салынган үлпүлдөгөн жоолуктары жана мен жадаганча "Манастан" окутуп укканы эсимде калды.

Чоң энем өмүр бою аялзатына таандык назиктиги менен, сыпаалыгы менен чөнтөгүнөн күзгүсү, бет майы үзүлбөгөн, кийимди табит менен кийинген ак сөөктүк мартабасы менен "байманалуу Кулмолдонун кызы" деген атын сактап өттү.

Ошондой эле, соопторду чоң атам раматылык Жалилге да багыштаймын. Тилекке каршы ал киши жөнүндө мен эмес, менин атам деле жакшылыктуу элестете албайт экен. Анткени, атам үч жашында эле чоң атам каза болуптур. Жалил аксакал эмгектин каарманы болуп, үзүрлүү мал баккандыгы үчүн Сталиндин колунан "ардак кагаз" алууга татыктуу болуп, башында чоң энем тигип берген калпагы менен Москвага барыптыр. Сыйлыкты тапшырып жаткан учурда, калпагын жактырып (белекке алгысы келген го) сураса, кыргыз баш кийимин белекке берчү эмес деп бербей койгонун али күнчө айтып жүрүшөт. Ардак кагазы да азыркыга чейин сакталып жүрсө керек. Чоң энем аны сегиз кат кылып бүктөп сактаар эле. Тумарды бүктөгөндөй кылганы го кыязы.

Менин чоң энем чоң атамдын сегизинчи аялы болуптур. Аялдары өлүп, кээ бир учурда жесир калган жеңесин алып, акыры чоң энемден узаган экен.

Ушул эмгегимди чоң энеме, чоң атама жана анын чоң энемден башка жети аялынын баарына багыштадым. Кудайым алардын баарына бейиш насип эткен болсун.

Жаман небереңер Чубак Жалилов

Макалалар:
Хадис илими
Имам деген ким
Мазхаб керекпи?
Өңгөсүн коюп Манасты айт
Фатва деген эмне? Фатваны берүүгө ким укуктуу?
Улуу устаз тууралуу
Айың кепке акыркы чекит
Ахмадийлердин куран котормосу колдонууга жараксыз
Бактылуу үй-бүлө
Акыйкат жалгыз, ал сан менен саналбайт
Үйлөнүү Аллах Тааланын пайгамбарларынын-элчилеринин сүннөтү
Үйлөнүүнүн пайдалары
Исламдагы аялдардын кийими
Кимге ишенебиз?
Мавлидди өткөрүү шариятка каршы эмес
Пайгамбарыбызды (С.А.В.) эстөө милдет
Мавлидди майрамдоонун себептери, максаттары жана пайдалары
Бидъат эки түрдүү болот
Мавлидди майрамдоого болбойт дегендер жаңылат
Жыйынтык сөз
Мародёрлорго жаназа окулабы
Мал-дүнүйөсү тонолуп жаткан адам эмне кылуусу керек?
Мародёрге кандай жаза берилет?
Асуу кандай тартипте жүргүзүлөт?
Канча мөөнөткө асып коюлат?
Пара бербестен, бара бер
Пара эмне үчүн берилет?
Пара алуу төмөндөгү үч жолдун бири аркылуу такталат
Пара алуучуга, берүүчүгө, ортого түшүүчүгө берилүүчү жазалар
Маалымат таратуунун мааниси
Телефон менен сүйлөшүүнүн адеби

Онгосун коюп Манасты айт
Фатваны берууго ким укуктуу?
Айын кепке акыркы чекит
Бактылуу уй-було
Мавлидди откоруу шариятка каршы эмес
Мародёрлорго жаназа окулабы
Пара бербестен, бара бер
Маалымат таратуунун мааниси
Телефон менен суйлошуунун адеби

PC에서 Акыйкат жолу китеби 플레이해보세요.

  • BlueStacks 다운로드하고 설치

  • Google Play 스토어에 로그인 하기(나중에 진행가능)

  • 오른쪽 상단 코너에 Акыйкат жолу китеби 검색

  • 검색 결과 중 Акыйкат жолу китеби 선택하여 설치

  • 구글 로그인 진행(만약 2단계를 지나갔을 경우) 후 Акыйкат жолу китеби 설치

  • 메인 홈화면에서 Акыйкат жолу китеби 선택하여 실행

비디오